Палестинанын тышкы иштер министри расмий сапар менен Кыргызстанга келет

27-28-августта Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт.

Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан