АКШнын аскердик тик учагы Австралиянын жээгине кулап түштү

АКШнын 20дай деңиз жөө аскерлерин ташыган V-22 Osprey аскердик тик учагы Австралиянын жээгинде машыгуу учурунда кулап түштү. Бул тууралуу Sky News Australia өз булактарына таянып билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө Австралия, АКШ, Индонезия, Филиппин жана Чыгыш Тимордун кызматкерлери катышкан Predators Run машыгуулары учурунда Мелвилл аралына жакын жерде Osprey тик учагы кулап түшкөн. Учакта 20га жакын америкалык аскерлер болгонун белгилеген телеканал.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болушу мүмкүн экендиги белгиленүүдө. Экипаждын мүчөлөрү дайынсыз жоголгондугун билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин июль айынын аягында Австралиянын түндүк-чыгышында АКШ менен Австралиянын биргелешкен Talisman Saber аскердик машыгуусу учурунда MRH-90 Taipan тик учагы кулап, төрт австралиялык аскер набыт болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан