Казакстандын муфтийи Ноорузбай Таган уулу Кыргызстанга келди

Казакстан мусулмандарынын баш муфтийи Ноорузбай Таган уулу, орун басарлары Кенжеали Коңуратбай уулу жана Сансызбай Курбан уулу баштаган жамаат Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта муфтияттан билдиришти.

Маалым болгондой, "Ак жол" чек ара бекети аркылуу келген ардактуу конокторду Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Асан Сыргабаев жана Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазыев баштаган КМДБ кызматкерлери тосуп алды.

Эске салсак, кечээ, 26-августта Орусиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов Кыргызстанга келген.

Белгилей кетсек, келген коноктор бүгүн, 27-августта өтүүчү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын баш кеңсесинин ачылыш аземине катышуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl27
2023-08-27 12:41:00
Эскичил дин түшүнүктөрдү карманган диний ишенимдерге ишенбеш керек. Мындан көрө кыргыздын көркөм чыгармалары, музыка, искуство аркылуу адамдын жан дүйнөсүндөгү боштуктуу толтуруу зарыл. Көркөм чыгармачылыка аралашпаган, ыр укпаган, искустводон алыс жүргөн коом өтөө орой, жан дүйнөсү жакыр жана бактысыз болушат.
-1
Asyl27
2023-08-27 12:52:00
Жаштарды диний фанатизмге эмес, чыгармачылыка тартуу зарыл. Чыгармачылык өнүгүүгө жана жашоону ар кайсы тараптан кароого, сынчыл ойлонууга жардам берет. Чыгармачылык – бул адамдын ички дүйнөсүнүн, дүйнө таанымынын жакшы жака өзгөртөт. Сыйынуу менен адамдын көйгөйү чечилбейт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан