Орусиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстанга келди

Бүгүн, 26-август күнү Орусиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдинов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Орусиянын муфтийинин жардамчысы Ильяс Садулин баш калаадагы "Манас" эл аралык аэропортуна келип түштү. Ардактуу конокторду Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган муфтият кызматкерлери жылуу тосуп алды.

Белгилей келсек, аталган коноктор эртең, 27-августта өтө турган Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын баш кеңсесинин ачылыш аземине катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан