Италиянын Лампедуза шаарында качкындарды кабыл алуу борбору толуп кетти (видео)

Италиянын Лампедуза шаарында миграциялык кризис күчөп баратат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 25-августта аралга дээрлик эки миң адам келди, ал эми түн жарымынан кийин миңден ашык адам келди. Ага ылайык, Лампедузадагы качкындардын жана мигранттардын жалпы саны 4 миң 120дан ашты.

"Бийлик өлкөнүн башка аймактарында, анын ичинде Венето, Эмилия-Романья, Умбрия жана Калабрияда келгендерди жайгаштыруу үчүн чараларды көрүп жатышат. Бул үчүн Лампедузага согуштук кемелер жана учактар ​​жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Италиянын Лампедуза шаарындагы качкындарды кабыл алуу борбору толуп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан