Румыниянын Бухарестке жакын жердеги суюлтулган газ станциясында жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бир адам каза болуп, 57 адам жаракат алган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ишемби күнү Бухаресттен 13 чакырым алыстыкта жайгашкан Дымбовица округуна караштуу Креведия шаарындагы май куюучу станцияда төрт жарылуу болду.
Ага ылайык, жарылууга жакын жайгашкан тургундар эвакуацияланды.