Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Каха Имнадзени кабыл алды 

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 27-августта өлкөгө сапар менен келген БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү – БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун башчысы Каха Имнадзени кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Борбордун кызматташтыгынын кеңири аспектилери, атап айтканда терроризмге жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле Ооганстандагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Каха Имнадзени жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал Борбор Азия мамлекеттери менен БУУ ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы аймактык кызматташтык маселелерине токтолуп, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларын үзгүлтүксүз негизде өтүп жатышын канааттануу менен белгиледи.

Президент үстүбүздөгү жылдын сентябрында Душанбе шаарында боло турган мамлекет башчыларынын бешинчи Консультативдик жолугушуусу сырттан келген чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип жооп берүүгө жана аймактык өз ара аракеттенүүнүн кеңири маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берет деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Каха Имнадзе Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аны жана Кыргызстан элин келе жаткан майрамы – өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ошондой эле ал Борбордун бардык программалары өнүгүп, улана берерине ишендирди.

Тараптар Кыргызстан менен Борбордун ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты, анын ичинде аймактык коопсуздук маселелери боюнча ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан