Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 27-августта өлкөгө расмий сапар менен келген Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Маликини кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, анда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Палестина мамлекети менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар кандай өз ара пайдалуу тармактарда кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров министрдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкө маанилүү келишимдерди түзүп, мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулай алат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Рияд Аль-Малики президент Жапаровго жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, президент Махмуд Аббастын саламын айтты.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министр Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал белгилегендей, Палестина эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн саясий диалогун колдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кызматташууну жолго коюуга кызыкдар.

Министр эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында эки мамлекеттин ортосунда Өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү, эки өлкөнүн эксперттеринин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташуусун жана тажрыйба алмашуусун активдештирүүнү сунуштады.

Тараптар Кыргызстан менен Палестинанын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык комплексин жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.