"Талибдер" Ооганстандагы аялдарга эми сейил бакка барууга тыюу салды

Ооганстанда аялдарга борбордук Бамиан провинциясындагы Банде-Амир улуттук паркына барууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Ооганстандагы министрдин милдетин аткаруучу Мохаммад Халед Ханафи аялдар паркта хиджаб кийүү эрежелерин сактабай жатканын билдирип, аларга аталган паркка барууга тыюу салган. Ал диний кызматкерлерди жана күч түзүмдөрүн маселени чечүүнүн жолу табылмайынча аялдардын сейил бакка киришине тыюу салууга чакырган.

Банде-Амир паркы 2009-жылы түзүлгөн, ал Ооганстандын биринчи улуттук паркы болуп саналат. Аталган жер туристтик жана үй-бүлөлүк эс алуучу жай катары белгилүү.

Бамияндагы диний кызматкерлер сейил бакка барып, хиджаб кийбеген аялдар жергиликтүү тургундар эмес экенин айтышкан.

"Хиджабдын жоктугу боюнча даттануулар бар, бирок булар Бамиандын тургундары эмес. Алар бул жакка башка жактан келишет", - деген Диний иштер кеңешинин башчысы Сайед Насрулла Ваези Tolo News телеканалына берген маегинде.

Белгилей кетсек, июль айынын башында Ооганстанды башкарган талибандар бардык чач ю-тарачтар менен сулуулук салондорунун иштөөсүнө тыюу салган. Анда сулуулук салондору Ооганстандагы үй-бүлөлөргө “ашыкча жүк” болуп, каш терүү жана чач коштуруу шариятка каршы келерин айткан. Ал эми Ооганстандын соода палатасынын маалыматында, сулуулук салондорунун жабылышы 60 миң жумуш орунунун жок болушуна алып келери жазылган.

Өткөн жылдын март айында болсо Ооганстандын Билим берүү министрлиги орто жана жогорку класстагы кыздарга мектепке барууга тыюу салган. Сентябрь айында сабактарга жалаң эркек балдар жана эркек мугалимдер кабыл алынган. 21-декабрда аялдарга дагы ЖОЖдордо окууга тыюу салынганы белгилүү болгон. Ал эми эртеси ооган кыздарына башталгыч мектепке барууга да тыюу салынып, өлкө боюнча аялдардын билим алуусу жокко чыгарылган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-08-28 11:42:00
Аялдарды, кыздарды кемсинтүү динбаш талибтердин негизги идеологиясы. Кыздардын көркүн, сулуулугун ачпаган хиджабты баштарына орошту. Көркү жок аялдын баркы жок да жок болот жашоодо. Хиджаб - ооган кыздарынын жашоо түйшүгүн, азабын эч качан чечпейт. Эркин, билимдүү гана болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан