Парижде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды 

Парижде 1-сентябрдан тарта электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу RTBF телеканалы маалымдады.

Маалым болгондой, Парижде электросамокаттарды ижарага берүү боюнча референдум өткөн. Иш-чарага катышкандарын 90 пайызы каршы добуш берген. Добуш берүүгө 103 миң жаран катышкан.

Мындай чечимге Франциянын борборунда бир жыл ичинде электросамокат колдонуудан 456 адам жабыркап, 3 адамдын каза тапканы себеп болгон. Тургундар жарандардын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жаткандыктан каршы добуш беришкен.

Le Figaro басылмасынын маалыматына караганда, Париж мэриясы ижарага берүү кызматын көрсөткөн үч жеке оператор (Lime, Tier жана Dott) менен келишимди узартуудан баш тарткан. Электросамокаттарды августтун аягына чейин колдонууга болот, операторлор сентябрда Париж көчөлөрүнөн аларды алып салышы керек. Муну менен Париж шаары электросамокатты ижарага берүүдөн баш тарткан Европадагы алгачкы шаар болуп калды.

Учурда Париждин көчөлөрүндө жалпы 15 миң ижарага бериле турган электросамокаттар бар экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан