Бишкекте Палестинанын элчилиги ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Маликинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелер өтүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсү талкууланды.
"Тараптар Палестинанын элчилигин Бишкек шаарында ачууну макулдашты. Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул процессте Палестина тарапка керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда кыргыз тарап өз элчиликтеринин бирин айкалыштыруу жолу менен Палестинада аккредитациялоону көздөөдө", - деп айтылат маалыматта.