Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок-1 айылында селге байланыштуу "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылындагы селдин кесепетинен улам түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында "Өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.
Учурда жеринде ӨКМдан 32 куткаруучу, 6 техника. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар тазалоо, жөнгө салуу иштерин аткарып жатышканы айтылды.
Буга чейин селдин кесепетинен 30га жакын турак үйдү суу каптаганы
кабарланган.