Кыргызстандагы мектептерде 300дөй мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев педагогдордун август конференциясында айтты.
Анын айтымында, 2020-жылы жалпы билим берүү мекемелеринде 3 миңге жакын мугалим жетишсиз болсо, ушул тапта 300дөй мугалим жетишпейт. Ошондой эле Иманалиев мугалимдердин жетишсиздиги айрыкча алыскы айылдардагы англис тили жана информатика боюнча предметтерди өтө турган мугалимдер арасында байкалып жаткандыгын билдирди.
"Мугалимдик кесипти тандагандардын саны жыл сайын өсүүдө, былтыркыга салыштырмалуу 12 пайызга өскөн. Бул кесип ардактуу кесипке айланып баратат", - деди министр.