Сокулукта 15 жашар өспүрүм эжесин өлтүрүүгө шектелип кармалды

Сокулук районунда бир тууган эжесинин өмүрүн кыюуга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-август күнү Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 2000-жылы туулган Д.М. аттуу жарандын киши колдуу каза болгондугу, анын башында жаракаты бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүү катары маркумдун иниси 2008-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тийиштүү укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан