"Баңгизат, курал, аткезчилик". Казакстандын УКМКсы кыргыз-казак чек арасындагы мыйзам бузууларды айтты

Коңшу Казакстандын УКМКсы кыргыз-казак чек арасынын ар кайсы өткөрмө бекеттеринде болуп жаткан мыйзам бузуулар тууралуу маалымат таратты.

Анда коңшу өлкөнүн УКМКсы чек арадагы төмөнкү мыйзам бузууларга бөгөт койгонун билдирди.

Баңгизаттарды ташуу боюнча 35 факты;
Курал-жарак жана ок-дарылар боюнча 33;
Жасалма документтерди колдонуунун 20 фактысы;
Кош жарандуулук - 36;
Эки миллиард теңгеге жакын суммадагы контрабанда боюнча 299 факты;
Жасалма документтер менен автотранспорт каражаттарын алып келүү жана алып чыгуу боюнча 27 факты.

Ошондой эле коңшу өлкөнүн УКМКсы сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 350 жүк ташуучу унаа киргенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан