2002-жылдары Азия аймагында "Кыш сонатасын" көрбөгөн адам калбаса керек. Дал ушул тасманын башкы каарманы Кан Жун Сандын ролун жараткан, сүйкүмдүү жылмаюусу менен көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан атактуу актёр Пэ Ён Жундун бүгүн туулган күнү. Төмөндө "Корей толкунун" жараткан белгилүү актёр тууралуу баяндайбыз.
Өмүр баяны
Белгилүү түштүк кореялык актёр жана продюсер Пэ Ён Жун 1972-жылы 29-августта Сеул шаарында туулган. Мектепке чейин Ил-мун мекемесин, ал эми башталгыч классты Мён-ил мектебинде окуган. Андан кийин Пай-Чай жана Ханёнг орто мектебинде билим алган.
Пэ Ён Жундун кино талаасына болгон сапары 1994-жылы башталган. Ал PpilKu тасмасы аркылуу дебют жасаган. Кийинчерээк "Salut D'Amour" жана "Six Steps to Separation" сыяктуу телесериалдарга катыша баштаган.
Актёр биринчи жолу "Күн алдындагы жер" телесериалында экинчи пландагы ролго тартылгандан кийин эл оозуна алына баштайт. Бул тасмада ал косметикалык компаниянын мураскорунун жана Ли Жонг Вон ойногон башкы каармандын эң жакын досунун ролун аткарган. Анын кийинки көрүнүктүү эмгеги "Биринчи сүйүү" тасмасы болгон. Анда актёр кылмышкерлер тобуна кошулуп, үй-бүлөсү үчүн өч алууну көздөгөн акылдуу жигит Чан Вунун ролун жараткан. Көп өтпөй Пэ Ён Жун "Таман алдындагы жаштык" романтикалык криминалдык драмасында, “Биз бири-бирибизди чындап сүйөбүзбү?” мелодрамасына тартылган.
1999-жылдан кийин Sung Kyun Kwan университетинде кино таануу адистиги боюнча билимин тереңдетүү үчүн убактылуу кино дүйнөсүнөн кеткен.
Чыгармачылыгы
Эки жылдан кийин Пэ Ён Жун "Хотельер" теледрамасы менен кайрадан экранга кайтып келет. Бул тасмадагы ролу аркылуу ал өзүнүн мыкты актёрдук чеберчилигин көрсөтөт. 2002-жылы ал актриса Чой Жи У менен бирге "Кышкы соната" романтикалык мелодрамасында роль жаратат. Актёрго чыныгы атактуулукту дал ушул тасма алып келет. Сериал Кореяда гана эмес, жалпы Азия боюнча болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетет. Статистикалык маалыматтарга караганда, сериалды Японияда эле калктын 20 пайыздан ашыгы көрөт. Эксперттер "Кышкы сонатанын" ийгилигинен кийин башка корей тасмалары жана сериалдары да чоң популярдуулукка ээ болгонун айтышат. Ал эми Кан Жун Сандын ролу актёрго "Корея толкуну" деп аталган топтун башкы фигурасына айлантат.
Актёрдун атактуулугу жана чеберчилиги муну менен токтоп калган эмес. 2003-жылы ал кайрадан "Жашыруун жаңжал" тарыхый тасмасы аркылуу Японияда жана Түштүк-Чыгыш Азияда популярдуулукка ээ болот. 2005-жылы "Апрель кары" романтикалык мелодрама тасмасы чоң экрандарга чыгып, анда Пэ Ён Жун актриса Сон Йе Жин менен биргеликте роль жаратат.
2011-жылы Пэ Ён Жун орто мектептеги окуяларды чагылдырган Dream High комедиялык драмасынын алгачкы төрт эпизодуна тартылууга жетишет.
Жеке жашоосу
Пэ Ён Жунди жакын санаалаштары шайыр, токтоо мүнөзү менен баалашат. Актёр жеке жашоосун дагы көпчүлүккө жарыялай бербейт. Буга чейин ал Ан Са Гён аттуу бийкеч менен мамиледе экенин айткан, бирок көп өтпөй алар эки жолго түшүшкөн. Андан соң Пэ Ён Жун актриса, ырчы жана модель Бэ Ён Жун менен мамиледе экенин жар салган. Көпчүлүк түгөйлөрдүн жаш айырмасы 13 жаш экенин сынга алышкан. Түгөйлөр 2015-жылы 27-июлда Sheraton Grande Walkerhill мейманканасында баш кошушкан. 2016-жылы түгөйлөр уулдуу, ал эми 2018-жылы кыздуу болушкан. Учурда атактуу жуп Гавайи аралдарында жашашат.
Кызыктуу фактылар:
Актёр Түштүк Кореядагы гонорары эң кымбат актёрлордун катарына кирет. Ал бир нече эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.
Пэ Ён Жун тасмалары менен гана эмес, жазган китептери менен да популярдуу. Анын "Корей сулуулугун издөө" китеби жарык көргөндөн бир ай өткөндөн кийин бүткүл дүйнөлүк алкышка ээ болуп, өлкөдөгү эң популярдуу китептердин тизмесинде 13-орунга жайгашкан. Ал эми китептин япон версиясы Япониянын китеп дүкөндөрүндө заматта бестселлерге айланып, окурмандардын жакшы пикирин жараткан. Китептин популярдуу болушунун бирден бир себеби, анын чет элдик окурмандарга жеткиликтүүлүгү, тагыраак айтканда, автордун ой-пикирин өтө жөнөкөй жана кызыктуу формада берүүсү болгон. Бул китеп Корей өлкөсүнүн маданиятын билгиси жана түшүнгүсү келгендер үчүн Корея боюнча эң сонун колдонмо болуп саналат.
"Корей сулуулугун издөө" китеби Кытайда дагы эң көп окулган китептердин сап башына чыккан. 2010-жылы ал "Жылдын китеби", "Жашоо стили" категориялары боюнча сыйлыкка ээ болгон.
29-августка карата жылнаама.