Футболдогу жаңжал: Луис Рубиалестин апасы ачкачылык жарыялады

Луис Рубиалестин апасы Анхелес Бексар уулунун кызматтан четтетилишине байланыштуу Испаниянын түштүгүндөгү Мотрил шаарындагы чиркөөдө ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Анхелес Бексардын айтымында, бийлик "уулуна карата жасаган адамгерчиликсиз жана ырайымсыз куугунтуктарды" токтотмоюнча, ал ачкачылык акциясынан баш тартпайт.

Испаниянын Королдук футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес футболчу Женнифер Эрмосону аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде өөп койгон видеосу интернетте тараган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, окуядан бир жума өткөндөн кийин Луис Рубиалес кызматынан четтетилген. Улуттук кураманын машыктыруучулары да федерация президентинин бул аракетине нааразычылык иретинде кызматтан кетишкен.

Чиркөө кызматкерлеринин айтымына караганда, Анхелес Бексар эжеси менен чиркөөдө калган.

Рубиалестин апасы Женнифер Эрмосодон "чындыкты айтууну" суранган.
Ал эми Испаниянын Финансы министри Мария Хесус Монтеро ФИФА Рубалести 90 күнгө четтеткенден кийин, "Рубиалес мындан ары испан футболун башкара албайт" деп билдирген.

"Биз жетиштүү азап тарттык, ал өзүнүн жүрүм-туруму менен биздин жеңишке болгон кубанычыбызды бузду", - деген министр.

Кийинчерээк, Рубиалес Эрмосо эринден өбүүгө өзү макул болгонун билдирген. Бирок футболчу кыз мындай маалыматтын жалган экенин айтып, федерация жаңжалды жабуу үчүн ага кысым көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Ошондой эле кечээ, 28-августта Испаниянын прокуратурасы аялдар командасынын капитанын Луис Рубиалес мажбурлап өпкөнүн жүйө кылып, ага карата "сексуалдык зомбулук" боюнча алдын ала тергөө ишин баштаганы белгилүү болду.

Эске салсак, буга чейин Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Женнифер Эрмосону өөп, сынга кабылган. Эрмосо бул окуя боюнча комментарий берип, Рубиалестин өпкөнүн жактырбаганын билдирген.

Көп өтпөй, Луис Рубиалес кылыгы үчүн кечирим сурап, ФИФА текшерүү иштерин баштаганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан