Назира Усманова, мугалим: "Англис тилин баласы каалабаса да, кадыр-баркына карап окутушат"

Кечээ, 28-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев педагогдордун август конференциясында алыскы айылдарда англис тили жана информатика предметтери боюнча адистер жетишсиз болуп жатканын белгилеген. Маалымат технологиясы менен чет тилдерин үйрөнүү учур талабы болуп, жаштардын көбү ушул эки тармакка ыктап жатканда, аларга аталган тармакты үйрөтүүчү мугалимдердин жетишсиз болуп жатканы суроо жаратат. Дегеле көп жылдан бери аймактардагы англис тил мугалимдеринин кесипкөйлүгү жана тил жаатындагы жыйынтыктар көңүл жылытарлык эмес экендиги актуалдуу маселе бойдон калууда. Бул көйгөйгө себепкер мугалимби же эскилиги жеткен системабы? Он беш жылдан бери мугалим болуп иштеп келе жаткан Назира Усманова SUPER.KG порталына маек куруп, тил үйрөнүүнүн ыкмалары жана анын маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүштү.

Назира Усманова Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Дээрлик он беш жылдан бери Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде англис тили мугалими болуп эмгектенет.

Англис тили жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

- Мага англис тилин үйрөнгөн жакчу. Бул тилдин тереңдигин түшүнүү, кооздугун билүү үчүн тек гана тил курстарына баруу мен үчүн аздык кыларын билчүмүн. Ооба, тил курстары грамматиканы жакшыртып, эркин сүйлөөгө жардам берет. Бирок мен үчүн 5 жылдык билим алуунун баалуулугу, маанилүүлүгү башкада эле. Маселен, биз бул жыл аралыгында англис тилинин грамматикасынан тарта маданиятына дейре ийне-жибине чейин изилдеп окудук.

Мектепте окуп жүргөнүмдө тил үйрөнүү мынчалык татаал процесстерден турарын билбептирмин. Студент болгонумда мугалимдик кесип меники экенине толук көзүм жетти. Бул кесип мен үчүн жөн гана жумуш эмес, шык жана кандайдыр бир нерсеге жаңылык киргизүү. Албетте, башында оңой болгон жок. Бирок кийин бул тил жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Квалификацияны жогорулатууну, сабак өтүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүп, бир топ конференцияларга катыштым. Ошондой эле өз ишин сүйгөн, таланттуу мугалимдерди жолуктурдум. Алар менен бүгүнкү күнгө чейин жакшы мамиледемин.

Окуучу менен катар мугалимдер да өзүнүн үстүнөн иштөөсү шарт

- Мектептерде, айрыкча айыл жергесиндеги билим берүү мекемелеринде англис тилин үйрөтүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убакыт келгендей. Натыйжа бар, иш жүрүп жатат, бирок акырындык менен. Мугалимдер да жаңы ыкмаларды үйрөнүп, изденип жатышат. Мисалы, былтыр сентябрда өткөн онлайн конференцияда баяндама жасадым. Өлкөнүн булуң-бурчунан 200дөй мугалим катышты. Бул алардын өз кесибине, ишине болгон кызыгуусу жана мотивациясы деп түшүнөм. Демек мугалимдер да изденүүнүн үстүндө.

Ал эми окуучулар боюнча айтсам, окуучу күнүнө, жумасына, айына тил үйрөнүүгө канча убакыт бөлөт, маселе ушунда. Мугалим болгону колдоо көрсөтүп, багыт берет да. Андыктан окуучу да талыкпай көп эмгектениши керек. Ооба, бул мугалим менен окуучунун биргелешип иштөөсүн жана бир топ убакытты талап кылат.

Ушул жерден бир мисал келтиргим келип турат. Бир студент кыз мага сынак тапшырып жаткан. 1 мүнөттүн ичинде окуган тексти боюнча англис тилинде түшүнүгүн айтып бериши керек эле. Бирок бул ал үчүн аябай кыйын болду. Мен ага "бул текстти алгач кыргыз тилинде 1 мүнөттө түшүндүрүп бер, андан соң ошол айтканыңды эле англис тилинде айтып көрчү" дедим. Ошондой кылды, токтобостон айтып берди, өзү да таң калып калды окшойт. Андан соң башка текстти да 1 мүнөттүн ичинде такалбай айтып берди, бирок англис тилинде. Бул менин кичинекей ийгилигим болду десем болот. Чындыгында, ал өз оюн мындай ылдамдык менен англис тилинде түшүндүрө аларын эч ойлогон эмес. Көрсө, окуучуну өз убагында, үйрөнөм деп аракет кылып багытын таппай жаткан кезде мугалимдин колдоосу ага болуп көрбөгөндөй дем-күч, шык берет экен.

Англис тилинин кадыр-баркына карап окутушат

- Студент – бул өзүнүн каалоосу, кызыкчылыгы жана пландары бар өзүнчө индивид. Кээде маселе мугалим же окуу жайда эмес, баланын ата-энесинде болуп калат. Тилекке каршы, айрым учурда кесип тандоодо баланын каалоосун ата-энеси чектеп коёт. Бир окуучумдан англис тилин эмне себептен үйрөнүп жатканын сурасам, ал кесибин ата-энеси каалагандыктан гана тандап алганын айтты. Анткени ал сүйлөп жатканда грамматикалык каталарды көп кетирчү. “Мен эч качан мугалим болуп иштегим келген эмес, ата-энем кыйнап эле окутуп койду. Башка адистикке тапшырайын дегем” деди.

Эми ойлоп көрсөк бул аянычтуу эле окуя. Өзү каалабаган, кийин жасаган ишинен, анын жыйынтыгынан ырахат ала албаган кесип үчүн жөн эле 4 жылын кетирип жатпайбы. Тилекке каршы, мындай учурлар коомчулукта көп эле кездешет. Айрыкча ата-энелердин англис тилинин кадыр-баркына карап окутуп, бирок балдарынын каалоолору менен эсептешпегени ирээнжитет. Бул өмүр бою баланын жашоосуна терс таасирин калтырат. Мындайда балага ата-эненин колдоосу керек.

Кутулуунун айласы үчүн гана сөздөрдү жатташат

- Мектепте окуп жүргөндө мугалим болуу оңой болсо керек дечүмүн. Канча ирет бул жөнүндө ойлонуп, адашканымды эстөө кыйын. 15 жылдык билим берүү жана турмуштук тажрыйбам көрсөткөндөй мугалим болуу – бул профессионалдык көндүмдөрүңдү күн сайын өнүктүрүү, технология дүйнөсүнө ыңгайлаша билүү жана стресске туруктуу болуу. Мугалим окуучуларды кийинки сабакты чыдамсыздык менен күткөндөй кылып кызыктуу өтүүсү керек. Жеке мен үчүн билим берүү – бул берилгендик жана жаңычылдык.

Мугалимдик кесипке жаңыдан киришип жаткан башка мугалимдердей эле мен да алгачкы аракетимди грамматика-котормо ыкмасынан баштагам. Анткени көпчүлүк учурда студенттердин грамматикасы мыкты болуп, бирок сүйлөөгө келгенде көйгөй жаралат. Конференция, семинарларда үйрөнгөн ыкмаларымды колдоном. Бир эле учурда бир нече ыкмаларды колдонуу өзүнүн көрүнүктүү натыйжасын берет.

Кыргызстанда азыр жаңы сөздөрдү үйрөнүүдө лексикалык ыкманы колдонгондор аз. Мисалы мен сөздөрдү жаттоодо студенттерге сөздөрдүн тизмесин түзүп берүүдөн алысмын. Макул, студент эс тутумунун мыктылыгын көрсөтүп, жаттап алган сөзүн, аныктамасын айтып, эң жакшы деген бааны алсын. Бирок кийинкиси кандай болот? Жооп жөпжөнөкөй эле, жаттап алганын бат эле унутуп калат. Анткени ал сөздөрдүн маанисин түшүнгөн эмес, баа үчүн, эптеп кутулуунун айласы үчүн гана сөздөрдү жаттаган. Студенттерди өз тажрыйбамдын негизинде сөз айкаштары менен иштөөгө, жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүүгө, эң башкысы аларды колдонууга үйрөтүү менин милдетим деп эсептейм.

Котормонун өнүгүү тенденциясы байкалууда

- Тил билгенден кийин котормочу деле болуп кетсем болмок. Бирок мага жакыны мугалимдик кесип экен. Котормочуларга болгон сый-урматым чоң жана алардын жөндөмүнө, эки маданияттын өзгөчөлүктөрүн билгенине суктанам. Кээде иштеп жаткан окуу жайымда эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар болуп калса, котормочулук тажрыйбамды колдонуп, спикерлердин сөзүн оозеки которуп берем. Бул мага тажрыйба топтоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берет, эргүү аласың. Сабак учурунда студенттер менен иштешип жатканда да котормого убакыт бөлгөнгө аракет кылам. Аларга "силер дайыма ар кандай кырдаалдарга даяр болуп, керектүү материалды которо билишиңер керек" дейм.

Өлкөбүздө түп нускадан кыргыз тилине которгон таланттуу котормочуларыбыз жок эмес. Акыркы 5-6 жылда кыргыз тилинен англис тилине түз которуу тенденциясы байкалууда. Ал котормолорду англис жазуучулары, акындары текшерип, андан кийин гана коомчулукка жарыяланат. Мисалы, замандашыбыз, филология илимдеринин кандидаты Салтанат Мамбаеванын “Эр Төштүк” эпосу, Алтынай Токтоматованын “Ак Мөөр” поэмасын которгондугун сыймыктануу менен айта алам. Айрым университеттерде бир катар адабий чыгармаларды, кенже эпосторду, аңгемелерди кыргыз тилинен англис тилине же англис тилинен кыргызчага которуу бөлүмдөрү бар. Бүгүнкү күндө мындай иштер көп эле жасалып жатат.

Англис тилинин маанилүүлүгү

- Тил билүү - Кыргызстандан сыртка чыгуунун, башка дүйнөнү таануунун негизги ачкычы. Бир студентим англис тилин үйрөнгөн соң китептерди дал ушул тилде окуп, тасмаларды котормосу жок көрө баштадым дейт. Өзү гүл өстүрүүгө аябай кызыкчу. Эми ал англис тилдүү блогерлердин видеолорун көрүп, ушул багыттагы түрдүү блогдорду окуп, огородунда гүлдөрдү өстүрүп жатат. Бул билген адамга ырахат тартуулайт.

Дагы бир окуучум тил билүүнүн аркасында 80 өлкөнү, 140 шаарды кыдырып, Атлантика океанын 5 жолу сүзүп өтүүгө мүмкүнчүлүк болду десе, башкасы өзүн ар кайсы тармакта сынап көрдүм дейт. Дагы бирөө мектеп окуучуларын экзаменге ийгиликтүү даярдап, алардын жетишкендиктеринен эргүү, дем-күч алгандыгын айтат. Окуучуларыбыздын бул окуялары англис тилинин маанилүүлүгүн даана көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан