Чеченстанда үйлөнүү үлпөт тойлорунда кымбат белек берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу "Грозный" телеканалы маалымдады.
Маалым болгондой, аталган өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы той өткөрүү боюнча милдеттүү болгон нормаларды кабыл алган.
Анда чечен келининин көйнөгү улуттук баалуулуктардын жана шарият өкүмүнүн негизинде болушу керектиги айтылат. Кыздын себи каалагандай болсо болот, болгону ашыкча ысырапкерчиликке тыюу салынат.
Документте "ашыкча ысырапкерчилик" катары тойдо берилген бриллиант шакек, шуба, автоунаа жана батирлер жазылган. Ал эми чечен салты боюнча үлпөт тойдун дасторконунда чай, шекер жана кой эти сөзсүз коюлушу керек.
Ошондой эле кыздын калыңын берүүдө белгиленген өлчөмдү сактоо сунушталган. Ал өлчөм 50 миң рублду (болжол менен 50 миң сом) түзөт. Мындан сырткары, документте эки тарапка тең "чечен коомунда көптөн бери кабыл алынган нерсе гана" берилиши керектиги баса белгиленген.