Владимир Путин Евгений Пригожинди акыркы сапарга узатууга катышпайт

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинди акыркы сапарга узатуу зыйнатында Орусия президенти Владимир Путин катышпайт. Бул тууралуу журналисттерге Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

"Президенттин барышы пландалган эмес. Кремлде сөөк коюунун орду жана убактысы тууралуу маалымат жок. Бул маселе боюнча чечимди туугандары жана достору кабыл алат, биз эч нерсе айта албайбыз", - деген Песков.

Учурда Санкт-Петербургдагы бир нече көрүстөндө даярдыктар жүрүп жатат. Полиция Серафимовский көрүстөнүндө эртең менентен бери күзөттө турат. Ошол эле учурда Санкт-Петербургдагы Түндүк көрүстөндө Евгений Пригожин менен байланышы бар адамдардын унаалары байкалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан