Биз социалдык тармакта

Сокулукта бир тууган эжесин өлтүрүүгө шектелген 15 жашар өспүрүм эки айга камакка алынды

Сокулук районунда бир тууган эжесинин өмүрүн кыюуга шектелген өспүрүм эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалымдалгандай, Сокулук райондук сотунун чечими менен 2008-жылы туулган Ж.М. эки айга камакка алынды.

Белгилей кетсек, кечээ Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 2000-жылы туулган Д.М. аттуу жарандын 23-август күнү киши колдуу каза болгондугу маалымдалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары маркумдун иниси 2008-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан