Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы өз сөзүндө академиянын ачылышы аймакта жашаган өспүрүмдөр, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана ден соолугу чың жаш муундун өсүп чыгышына өзгөчө салым кошо турганын айткан. Ошол эле учурда өлкөнүн футбол боюнча курамасынын ийгиликтерине токтолуп, мамлекет спорттун бул түрүн колдоого алганын айтты.
"Акыркы жылдардагы футболчуларыбыздын жетишкендиктери бизди сүйүндүрүп, көз жоосун алган оюндарды көрсөткөн Улуттук курама командабыздын жеңиштери кубандырып келет. Ага бир мисал, Кыргыз Республикасы, кыргыз футболу үчүн 2019-жылкы Азия кубогу тарыхый окуя болуп калды. Анда биздин “Ак шумкарлар” кыргыз жигиттеринин өжөрлүгүн жана эрки күчтүүлүгүн бүткүл дүйнөгө даңазалап, керемет оюн тартуулашкан. Ошону менен бирге курама командабыз мыктылыгын дагы бир ирет далилдеп, келе жаткан Азия биринчилигине жолдомо алышкан. Спорттогу жеңиштер, ийгиликтер дайыма өлкөдөгү биримдиктин, ынтымактын жана өнүгүүнүн көрсөткүчү болуп келген. Андыктан мамлекет мындай зор жетишкендиктерди жерге калтырбай, спорттун бул түрүн колдоого алды", - деди президент.
Ал эми аталган академиянын тарбиялануучулары келечекте Улуттук курама команданын катарын толуктап, эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргой турганына үмүттөнө турганын айтты.