Испаниянын атактуу "Барселона" футболдук клубу инстаграмдагы баракчасы аркылуу Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди.
"Бүгүн биз Кыргызстанда Орто Азиядагы биринчи "Барселона" академиясын ачып жатабыз. Кыргызстанга жана анын элине укмуштуудай жылуу тосуп алуу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз", - деп жазды клуб инстаграмдагы баракчасына.
"Барселона" клубунун инстаграм баракчасында 123 миллион катталуучусу бар. Бул баракчага Лионель Месси, Неймар баштаган атактуу футболчулар дагы катталышкан.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-августта Жалал-Абадда "Барселона" клубунун академиясынын ачылышы болгон.