Toyota Япониядагы бардык заводдорунда өндүрүштү токтотту

Япониянын белгилүү Toyota компаниясы өндүрүш системасы иштебей калгандан кийин Япониядагы бардык заводдорунун ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Учурда компания бул көйгөйдүн себебин активдүү иликтеп жатат. Система иштебегендиктен компания тетиктерге буйрутма бере албай жатат. Мындан улам компания сатуу боюнча лидер болгон Япониядагы 14 заводдун ишин токтотту.

Акыркы убактарда япониялык компания Кытайдан келип жатат делген телефон чалууларга кабылууда. Анда компанияга коркутуу болгон.

Бийлик бул чалуулар Кытайдан келип жатканын жана муну Фукусима атомдук электр станциясынан океанга тазаланган суу агызыла баштаганы менен шартталган деп болжолдоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан