Дүйнөдөгү абасы эң коркунучтуу өлкөлөр кайсы?

Чикаго университетинин энергетикалык саясат институтунун (EPIC) изилдөөчүлөрү дүйнөдө абанын булганышынан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Бул тууралуу аталган институттун расмий сайтында жарыяланды.

Эксперттер атмосферадагы майда PM 2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясына баа берип, булганыч аба Бангладеште, Индияда, Пакистанда, Кытайда, Нигерияда жана Индонезияда жогорку көрсөткүчтө экенин, анда жашаган адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна эң коркунучтуу деп аныкташкан.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Түштүк Азияда PM2.5 деңгээли 2013-жылдан бери дээрлик 10 пайызга жогорулап, аймактагы жашоонун узактыгын беш жылга кыскарткан. Эксперттер кошумчалагандай, Борбордук жана Батыш Африкада энергия керектөөнүн өсүшү менен абанын булганышы ВИЧ же безгек сыяктуу тургундардын жашоосуна олуттуу коркунуч жаратып жатат.

EPIC изилдөөчүлөрү азырынча Кытай гана көйгөйдү чечүүдө аракет кылып жатканын айтууда. Бул өлкөдө булгануунун деңгээли бир топ азайган, бирок дагы эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уруксат берилген көрсөткүчтөрүнөн жогору бойдон калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан