Казакстанда 3 жаштагы кыз таңкы саат 4тө айылдан 6 чакырым алыстыктагы талаадан табылды

Коңшу Казакстандын Батыш Казакстан облусунда үч жашар кыз түнү бою изделип, таңга жуук талаадан табылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 28-август күнү саат 22:00дө Жанибек райондук ички иштер бөлүмүнө Жанибек айылынын 32 жаштагы тургуну кайрылып, Айара аттуу кызы жоголуп кеткендигин билдирген.

Анда ал Узункол айылына конокко бара жатып айылдан алыс эмес жерден аларды айдоочу түшүрүп салганын айткан. Аял кызы менен андан ары жөө бара жатып бир маалда кызынын жанында жок экенин байкаган. Караңгы кирип калгандыктан аял кызын таба алган эмес.

Кызды издөө иштерине дароо полициядан, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, чек ара кызматынан, акимчиликтен жана жергиликтүү тургундардан 200дөн ашык адам тартылган.

Үч жашар Айара алар бара жаткан айылдан алты чакырым алыстыктагы талаадан ​​таңкы саат 04:00дө табылган. Кызды чек ара кызматынын кызматтык ити тапкан.

Ал аман-эсен, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда кыздын өмүрүнө жана ден соолугуна эч нерсе коркунуч жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан