SUPER.KG порталы кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин эркиндикти алып келген Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Мындан 32 жыл мурда дал ушул күнү Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңеши СССРдин курамынан чыгуу тууралуу декларацияга кол коюп, мамлекеттин көз карандысыздыгын түзгөн. 1991-жылдын 31-августунан тарта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган мамлекеттердин катарына кошулган.

Чейрек кылым аралыгында жергебизде кыйын кырдаалдар, кандуу окуялар дагы болду. Ошого карабастан элибиз оңолууга, жакшы деңгээлге көтөрүлүүгө кылган аракеттери менен алдыга жылып келет.

31-август - Эгемендүүлүк күнү өлкөбүздөгү эң маанилүү майрамдардын бири. Бүл күн Кыргыз жергесинде жашаган ар бир жарандын, ата мекенди сүйүүчүлөрдүн, эли-жери үчүн күйгөн инсандардын майрамы.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз элин эркиндикти алып келген Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Эгемендүүлүктү барктай билели. Кыргыз элине биримдик, ынтымак, ден соолук, ал эми мамлекетке гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан