Кечээ, 29-августта Орусиянын Ростов-на-Дону аймагында жашаган каскадёр Евгений Чеботарев бир имараттын чатырынан экинчи имаратка унаасы менен секирип өтүүгө аракет кылган. Бирок натыйжасыз аракетинен улам кырсыктап, ооруканага жаткырылган.
Евгений Чеботарев өзүнүн Telegram каналындагы билдирүүсүндө, араң аман калганын жазган.
Ал эми интернетте жарыяланган видеодон Чеботаревдин кирпичтен салынган имараттын чатырынан унааны кантип айдаганын, бирок ылдамдыгы жетишсиз болгондуктан дубалды сүзүп кеткенин көрүүгө болот.
Маалым болгондой, каскадёр унаасы менен төрт кабаттуу үйдүн чатырынан жерге кулап түшкөн. Анын унаасы жараксыз болуп калса, өзү жаракат алып ооруканага жеткирилген.