Габондун аскерлери телевидение аркылуу президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын жана мамлекеттик институттар таратылганын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери кызматта турган 64 жаштагы президент Али Бонго Ондимба 26-августта өткөн шайлоодо 64,27 пайыз добуш алып, үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Ага нааразы болгон аскер кызматкерлери бийликти басып алып, өлкө чек арасын жаап салышты.
Бийликти басып алгандардын арасында президенттин гвардиясынын мүчөлөрү, катардагы армиянын жоокерлери жана полиция кызматкерлери бар.
Габондун борбору Либревильде атышуулар угулуп жатканын бир нече агенттик жазды.
Июль айында ушундай эле көрүнүш Нигер өлкөсүндө дагы болгон. Анда аскер кызматкерлери бийликти басып алышкан.