Владимир Путин кыргызстандыктарды куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин кыргызстандыктарды жана Садыр Жапаровду мамлекеттин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жарыяланды.

Путин куттуктоосунда, ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерге негизделгенин жана КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ уюмдарынын, ошондой эле башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүү ийгиликтүү өнүгүп жатканын билдирген.

"Москва менен Бишкектин көп кырдуу байланыштарын мындан ары өнүктүрүү эки өлкөнүн дос элдеринин кызыкчылыктарына толук жооп берет. Евразия мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого шайкеш келет деп ишенем", - деп жазылат куттуктоодо.

Ошондой эле орус лидери Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.

Эске салсак, буга чейин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да куттуктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан