"Падышаны кемсинткен". Сауд Арабиянын тургуну Twitter’деги билдирүүсү үчүн өлүм жазасына кесилди

Сауд Арабиянын жараны X социалдык тармактагы баракчасында ( мурдагы Twitter) жазган билдирүү үчүн өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу ABC News басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 54 жаштагы пенсионер мугалим Мухаммад ал-Гамди коомдук коопсуздукту бузган жана падыша менен мураскор ханзааданы кемсинткен деп айыпталууда.

Соттун чечими Гамдинин жазган постторунун негизинде чыгарылганы белгиленген. Бирок Мухаммед аль-Гамди текстти өзү жазбаганын, аны башкалардан көчүрүп бөлүшкөнүн айткан. Ошондой эле анын Х социалдык тармагында 8 гана катталуучусу болгону аныкталган.

Ал эми Мухаммед ал-Гамдинин бир тууганы Саид бин Насер ал-Гамди Улуу Британияда жашаган оппозициячы болуп саналат. Ал инисине карата чыккан өкүмдү жөн гана өлкө бийлигинин ырайымсыз кысым көрсөтүүсү катары сыпаттаган.

Басылманын маалыматына ылайык, Сауд Арабия өлүм жазасына тартылгандардын саны боюнча дүйнөдө Кытай менен Ирандан кийинки үчүнчү орунда турат. Өткөн жылы өлкөдө 196 адам өлүм жазасына тартылса, алардын 81и бир күндө өлүм жазасына кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан