Бүгүн, 31-августта Йоханнесбургда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн улам кеминде 73 киши каза тапты. Курмандыктардын арасында бир кичинекей бала болгонун жана 52 киши жаракат алганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, өрт бейшембиге караган түнү Түштүк Африканын эң ири шаары жана анын экономикалык борбору Йоханнесбургдун мурдагы бизнес районунда катталган. Куткаруучулар имараттан чыга алгандардын баарын эвакуациялаган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.
Акыркы убакта бул аймактагы имараттар турак-жай катары колдонула баштаган. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал жерде негизинен мыйзамсыз иммигранттар жашай турганын жазышууда.
Йоханнесбург бийлиги өрт негизинен өчүрүлгөнүн, бирок имараттан түтүн дагы эле чыгып жатканын билдирди.