Оштогу ат майданда болгон окуя боюнча милиция үн катты

Ош облустук ички иштер башкармалыгы "Төлөйкан" ат майданында болгон окуяны өзгөчө көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, көк бөрүнүн финалын көрүү үчүн ат майданга 40 миңдей адам келген.
"Финалдык беттеш аяктаар алдында калыстын чечимдерине көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, көрүүчүлөр бейбаштык кылып калыстарга карата желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Ош ОИИБден.
Кечээ, 31-августта президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин крүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан