Португалиялык футболчу жана "Аль-Наср" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду "Аль-Шабааб" менен болгон беттеште дубль жасап, улуттук лигадагы голдордун саны боюнча рекорд койду. Бул тууралуу Эл аралык футбол тарыхы жана статистика федерациясы расмий сайтында жарыялады.
Маалым болгондой, беттеште Роналду улуттук лига боюнча 516-517-голдорун киргизген. Мындай көрсөткүч менен португалиялык спортчу буга чейинки рекорд жараткан Йозеф Бикан менен Ференц Пушкашты артка калтырган. Эки футболчу тең улуттук лигада 515 гол киргизген.
Үч оюнчунун рекордуна аргентиналык Лионель Месси да жакындап калды. Анын улуттук лигадагы голдорунун саны учурда 496ны түзөт.
Эске салсак, бул рейтингде футболчулардын улуттук чемпиондуктарда гана киргизген голдору эске алынат. Ошол себептен Пеле, Ромарио жана башка атактуу бомбардирлер тизмеде жок.
Роналду эң көп Испания чемпиондугунда гол киргизген, анда ал 311 гол жаратууга жетишкен. Ал эми Англия Премьер-Лигасында 103 гол, Италиянын А сериясында 81 гол жаратса, Сауд Арабия менен Португалия чемпиондугунда 22 гол киргизген.