Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан келишти

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарынын үчүнчү сессиясы башталды.

Сессия Кыргызстандын гимнин аткаруу менен башталды. Үчүнчү сессиянын алгачкы жыйынына 65 депутат катталды.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев кесиптештерин сессиянын башталышы менен куттуктады. Ал депутаттар аймактардагы шайлоочулар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укканын эске салды.

Ошондой эле төрага кыргызстандыктарды бүгүнкү 1-сентябрь Билим күнү менен куттуктап өттү. Андан соң кийинки жыйынга чейин тыныгуу жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан