Америкалык рэпер 50 Cent концерт учурунда элге микрофон ыргытып, кыздын башын жарып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 30-августта Лос-Анжелесте өткөн рэпердин концертинде болгон. Концерт учурунда рэперге кайра-кайра иштебеген микрофон берилген. Ага ачуусу келген рэпер микрофонду элге ыргыткан.
Жыйынтыгында микрофон көрүүчү кызга тийип, анын башы жарылган. Кыз учурда ооруканада, ал эми рэперге карата кылмыш иши козголушу мүмкүн.