"Узундугу 173 сантиметр". Америкалык аял чач жасалгасы боюнча "Гиннесстин китебине" кирди

Америкалык жаран Тами Манис эң узун чач жасалгасы боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу "Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебинин" расмий баракчасында жарыяланды.

Маалым болгондой, Тами Манис 1990-жылдан, тагыраагы 33 жылдан бери чачын бир дагы жолу кырккан эмес. Анын чачынын узундугу 173 сантиметрди түзөт.

Манистин чачын өстүрүүсүнө өзүнүн сүйүктүү Til Tuesday рок-группасынын видеосу шыктандырган. Клипте группанын солистинин чачы да алдыңкы жана капталдары кыска кыркылып, арткы бөлүгү узун бойдон калат.

Эске салсак, "Гиннесстин рекорддор китеби" 1955-жыл 198 беттен турган биринчи китеп болуп басып чыгарылган. Ага илимий далилдер менен эксперттердин күбөлөрү менен таанылган материалдар киргизилген. Бүгүнкү күндө “Гиннесстин” рекорддор китеби дүйнөнүн 40 өлкөсүндө чыгып, 37 тилге которулат. 2000-жылы “Гиннесстин рекорддор китеби” расмий түрдө “Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китеби” деп аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан