Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн майрамдык салтанаттын концерти жандуу үн менен өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, майрамдык кече өлкөдөгү белгилүү өнөр адамдарынын катышуусунда өтүп, элдин биримдигин даңазалган, мекенчилдикке сүрөгөн ырлар орун алды.
Иш-чара аталган министрлик тарабынан уюштурулуп, Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан түз эфирде чагылдырылганы айтылат.
Эске салсак, министрлик 1-январдан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде, концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыгарган.
Эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөрү
айтылган.