Оштогу көк бөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу жалпысынан 39 адам облустук милицияга алып келинип, сурак берди. Анын ичинен 5 кишиге "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, шектүүлөр Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Алар: Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну М. уулу А., Араван районунун 29 жаштагы И.А., 34 жаштагы А.Б. аттуу тургундары, Өзгөн районунун 51 жаштагы тургуну Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы К.уулу Б. аттуу тургуну экени белгилүү болду.
"Учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда. Аталган окуя боюнча башталган тергөө иштери ар тараптуу жана кылдат текшерип юридикалык баа берип, чекит коюу үчүн толук кандуу маалыматтар талап кылынат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында 31-августта өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.