Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) менен Азиянын Олимпиадалык кеңеши (АОК) орусиялык жана беларустук спортчуларды Ханчжоудагы Азия оюндарына киргизүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Азия оюндарында орусиялык жана беларустук спортчулар катышпайт, бул Азиянын Олимпиадалык комитетинин эмес, Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими. 2023-жылы Азия оюндарына спортчулардын орус жана Беларус паспорттору менен катышуу концепциясы 2022-жылы декабрда өтө турган Олимпиада саммитинде талкууланып, бирок техникалык себептерден улам ишке ашпай калды", - деп билдиришти АОКтун маалымат кызматынан.
Маалымдалгандай, тыюу Париждеги Олимпиадага Азия турнирлери аркылуу катышууну каалаган эки өлкөнүн бардык спортчуларына тоскоолдук болот.
Ага ылайык, июль айында Башкы ассамблея учурунда АОК эки өлкөнүн 500гө чейин спортчусун нейтралдуу макамдагы Ханчжоудагы мелдештерге катышууга макул болгонун, бирок алардын катышуусун ЭОК жактырышы керектигин белгилейт.
Белгилей кетсек, Азия оюндары - 2023 Кытайдын Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт. Алар 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына тандоо оюндарынын бири болот.