Акын-жазуучулар Олжобай Шакир боюнча бийликке кайрылды

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу маалыматты журналист Аскер Сакыбаева Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалымдалгандай, 100дөн ашык адам кол койгон кайрылууда “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык болгону жана аны эркиндикке чыгаруу талабы жазылган.

"Улуттук адабиятты өнүктүрүү жана коомду агартуу мүдөөсүн көздөгөн “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду. “Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал улам бир төӊкөрүштү кайталай бергенден оӊолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу деп эскертип келген", - деп жазылган кайрылууда.

Мындан тышкары кайрылууда өз оюн ачык айткандарды эл башылар эч качан куугунтуктаган эместигин, жаӊылыш же жалаа кепти жүйө менен, көзгө көрүнөрлүк иши менен эле төгүндөп тургандыгы тууралуу да белгиленген.

"Олжобай Шакирдин камалышы коомчулукта нааразылыкты күчөтүп жаткандыгы социалдык тармактардагы коомдук пикирлерден ачык байкалууда. Ооба, Олжобайды баатыр көргөзүүдөн алыспыз. Бирок бир чындыкка көз жуумп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы да эмес экендигине кепил боло алабыз. Кошоматчылардын барымтасында калган бийликтин күнү тез эле бүтөрүн буга чейинки үч төңкөрүш далилдебеди беле?", - деп кайрылышкан коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер.

Олжобай Шакир 23-августта УКМК тарабынан кармалган. 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uri24
2023-09-04 11:14:00
Наадан, зулум Садыр Жапаровтун бийлиги эркин оюн айткан жарандардын тандырын талкалап, балта чаап жатканы жакшылыка алып барбайт. Садыр Жапаров өзүнүн наадандыгын токтотуу керек.
0
Uri24
2023-09-04 11:37:00
Ким оз ой пикирин айтып коюп, анысы зөкүр Садыр Жапаровко жакпай калса эле, аларды дароо батыш деп жамандоону салт кылып алды. Болбосо Садырдын бийлиги Батыштын каржысына муктаж экинин озу жакшы билбейт окшойт.
0
-Aybek18
2023-09-04 14:25:00
Мурдагы бийликтер, элге эч нерсе жасап бербесе деле, бирок элдин эркиндигине тийген эмес, бул бийлик элге жасамак түгүл кайра элдин эркиндигин алып коюп жатат, коркутуу үркүтүү жолу менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан