Жазуучу, активист Олжобай Шакир УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Олжобай Шакир байке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде", - деп жазган ал өзүнүн Фейсбук баракчасына.
Белгилей кетсек, Олжобай Шакир Фейсбук баракчасына жакында митингге чыгарын жарыялап, Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди интервьюга чакырары тууралуу жазган.