Ошто өткөн көк бөрү оюнунан кийин Таласта жолдон өтүп бараткан төрт адамды сабоого шектелген беш киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG порталына Талас облустук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын баш коргоо чарасы кечээ Бакай-Ата райондук сотунда каралып, 3-ноябрга чейин камакка алынды.
Буга чейин кармалгандардын жакындары аларды үй камагына чыгарууну өтүнүп өлкө жетекчилерине кайрылган видеолор социалдык тармактарга тараган.
Эске салсак, 31-августтан 1-сентябрга караган түнү интернетте төрт адамды белгисиз жарандар ур-токмокко алып, коркутуп жаткан видео тараган. Анда жолоочуларды сабагандар Ош облусунда Эгемендик күнүнө арналган көк бөрү оюнунун аягындагы чатакты себеп кылып, “Оштуктар бул жолдон өтпөй калат ” деп коркутуп жатканын көрүүгө болот.
Талас ОИИБи видеодогу токмоктолгон төрт жаран Ош облусунун тургундары болуп чыкканын билдирген. Алар Орусиядан Фольксваген-Гольф үлгүсүндөгү унаа менен чыгып, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолу аркылуу үйүнө бара жаткан.
Милиция жолоочуларды сабоого шектүү Талас облусунун 1995-жылы туулган беш тургунун кармаган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.
Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган Президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.
Ош облустук милициясы жаңжалга байланыштуу жалпысынан 39 адам сурак берип, 5 жаранга "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.