Түркиянын түндүгүндө нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Кара деңиз жээгинде жайгашкан Гиресун шаарын сел каптады. Бул тууралуу CNN Turk кабарлады.
Маалымдалгандай, нөшөрлөгөн жаан 2-сентябрда кечинде башталган. Жаандын кесепетинен шаардын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдү суу каптап, 1-кабаттардагы айрым үйлөрдү суу каптаган.
Суу каптаган жолдор айдоочулардын унаалар менен жүрүшүн кыйындаткан.
Аба ырайынын кесепеттерин жоюу үчүн коммуналдык кызматтар канализациянын люктарын ачкандан кийин суу ошол жакка агып кеткен.