Ошто ресторандан чыккан ири өрт чектөөгө алынды

Ошто Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандан чыккан ири өрт саат 12:05те чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде төрт күжүрмөн эсеп иштеп жатат.

"Өрт өчүрүүчүлөр жалынды толугу менен өчүрүү аракетин көрүүдө. Жеринде бир автошаты, штаб жана КККБдан ыкчам топ иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Азырынча өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы белгисиз. Өрттү өчүрүү иштери уланып жатат.

Эске салсак, буга чейин Ошто ресторандардын бири өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан