Садыр Жапаров УТРКнын директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш жарыялады

Өлкө башчы Садыр Жапаров милдеттерин татыктуу деңгээлде аткарбаганы үчүн УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды", - деп жазылат билдирүүдө.


Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан