Бишкек шаарынын тургуну Бекназар Авазбеков шаардагы коомдук транспорттор үчүн атайын тилкенин пайда болушуна нааразы болуп, SUPER.KG порталына кайрылды.
Анын айтымында бул шаардагы унаа тыгынын ого бетер күчөткөн.
"Бүгүн шаардагы Токомбаев көчөсүндө 1 чакырымга чейин жеткен унаа тыгыны болду. Буга себеп аталган көчөдө коомдук транспорт үчүн атайын тилкенин пайда болушу. Бул жолдо буга чейин эле унаа тыгыны көп болуп келген. Эми атайын тилке түшкөндөн кийин ого бетер күчөдү. 15 мүнөттө жетчү жерибизге бир саатта жеттик. Муну ким ойлоп тапты?", - деди ал.
Белгилей кетсек, коомдук транспорт үчүн жол тилкелерин бөлүү Бишкек мэриясы тарабынан сунушталып, ишке ашырылууда.
Өз кезегинде шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров бул унаа тыгынын жаратарын, бирок эл акырындык менен коомдук транспортко көнүшү керектигин айткан.