Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарынын тургундарына чачтарын ачык түскө боёп, жасалма кирпик, тырмак колдонууга жана ботокс жасатууга тыюу салынды. Бул тууралуу түркмөнстандык басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, аялдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзө турган атайын топтор түзүлгөн. Топтун мүчөлөрү аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, сулуулук салондоруна текшерүү менен барууга, үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүнүн стилин жана колуктунун сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөөгө укуктуу экени айтылууда.
"Бул эрежелердин сакталышын полиция да көзөмөлдөп, көчөдөн “тартип бузгандарды” кармашат. Аялдар кайсы сулуулук салондорунда кирпик жана тырмак узартканын же ботокс жасатканын билүү үчүн бир нече саат бою суракка алынат. Ошондой эле эрежелерди бузган бюджеттик жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин жумуштан кетирүү менен коркутушат", - деп жазган түркмөн басылмасы.
Мындан сырткары, аялдарга чачын кыска кылып кыркууга тыюу салынып, ачык болбогон түстөргө гана боёгонго уруксат берилген.
Эске салсак, аялдарга карата тыюулар Түркмөнстанда 2022-жылдын жаз айында башталган. Аялдарга ачык түстө боёнууга жана айрым косметикалык процедураларды жүргүзүүгө тыюу салынган. Полиция кызматкерлери аялдарга унаанын алдыңкы орундугуна отурууга тыюу салган фактылар да катталган. Окуу жайларында жана уюмдарында студент кыздардын, жумушчулардын улуттук каада-салттарына арналган чогулуштар болуп өткөн.
Түркмөнстандын расмий өкүлдөрү айрым салондорду жапканын моюнга алып, муну аялдардын ден соолугуна кам көрүү менен түшүндүрүшкөн. Ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары аялдарга улуттук баалуулуктар, алардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү ролу тууралуу материалдарды жарыялашып келет.