Польша Киевдин өтүнүчү менен аскерге жарамдуу украиналыктарды өткөрүп бере баштады

Польша украин бийлигинин өтүнүчү менен Польшада мыйзамсыз жүргөн мигранттарды Европага жөнөтүүнү уюштурган украиндерди өткөрүп берүүдө. Бул тууралуу Rzeczpospolita гезити жазып чыкты.

Польшанын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 24-февралынан ушул жылдын 31-августуна чейин Польшага аскер курагындагы (18-60 жаш) 2,87 миллион украин кирген. Ошол эле мезгилде Польшадан кайра 2,8 миллион украиналык чыгып кеткен. Ал эми калган 80 миң украиналык Польшага отурукташып калган.

"Бир адам чек арадан бир нече жолу өтүшү мүмкүн. Ал эми келгендерден кеткендерди алып таштасак, 80 миңге жакын украиндер Польшада калышы мүмкүн. Алар мобилизацияга дуушар болушу ыктымал", - деп билдирген Польшанын Чек ара кызматы.

Ал эми Украинанын Жогорку Радасынын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитети прокуратура чет өлкөдө жашырынып жүргөн жарандарды жоопко тарта аларын четке каккан жок. Ошондой эле качып кеткендердин айрымдары өлкөдөн мыйзамсыз, анын ичинде чек арадагы токойлор аркылуу чыгып кетишкенин маалымдаган.

"Украина үчүн бул чоң сан, анткени бул адамдар мобилизацияланып, биздин куралдуу күчтөрдүн катарын толуктап, ошону менен биздин коргонуубузду жана коопсуздугубузду чыңдай алышмак", - деп билдирген комитет.

Буга чейин Украинанын Эл кызматчысы партиясынын жетекчиси Давид Арахамия Украинанын укук коргоо органдары мобилизациядан качуу үчүн өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен аскер курагындагы эркектерди экстрадициялоону талап кыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан