Нурланбек Шакиев Түркиянын Башкы акыйкатчысы Шереф Малкочту кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Башкы акыйкатчысы Шереф Малкочту кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда төрага Шакиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолуп, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү зарыл экенин белгиледи.

Өз кезегинде Шереф Малкоч жылуу кабыл алгандыгы үчүн Шакиевге ыраазычылык билдирип, Түркияны Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирди.

“Өзүңүз да белгилегендей, бизди көп нерселер байланыштырып турат. Айрыкча боордоштукка негизделген алакалар жылдан-жылга өнүгүүдө. Алсак, Түркиянын мектептеринде кыргыздын улуу “Манас” дастаны тууралуу сабактар өтүлүп, ал тургай айрым окуучулар дастанды жатка айткан учурлар бар. Бул руханий байланышты бардык тармактарда улантып, акыйкатчы катары биз да өз салымыбызды кошуубуз кажет”, - деди Малкоч.

Белгилей кетсек, жолугушууга акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан